• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин түштүк тарабына Кумтөрдүн жаңы кеңсеси курулат – Султанбаев

Коом 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал башка кеңсеге көчкөнүнүн себебин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн.

"Бир ай мурда бул окуя боюнча резидент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген.

Ошону менен бирге “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган.

Ал эми азыркы кеңседе убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы кеңсе курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы кеңсесин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду", - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий