• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбор калаада мектеп директорлору үчүн тренинг өттү

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. №6 мектеп-гимназиясынын базасында борбор калаанын мектептеринин директорлору үчүн тренинг болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Биз билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун жол-жобосун, этаптарын талдап чыктык", - деп билдиришти муниципалитеттен.

Ошондой эле билим берүү уюмунун минималдуу талаптары жана өзүн-өзү баалоосу боюнча презентация болуп, мектептин портфолиосунун документтери, аккредитациядан өтүү жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин, билим берүү башкармалыгынын маалымат тутумуна катталуу тартиби боюнча маалымат берилди.

"Бардык катышуучуларга аккредитациялоо боюнча колдонмолор таратылды", - деп айтылат маалыматта.

Тренингдин максаты - билим берүү уюмдарынын аккредитациялоонун негизинде мектеп жетекчилеринин жалпы кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу.

Пикир

Оставить комментарий