• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов: Нарындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү керек

COVID - 19 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Ар бир аймакта COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен контакты болгон жактардан алынган ПЧР-анализдин жыйынтыгы 1 сутка ичинде чыгарылышы зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

«Нарындын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү керек. Бул максатта регионго Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЧР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча, оорулуулардын анализинин жыйынтыгы 1 суткадан кечиктирилбестен чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген жарандардан жеринде экинчи ирет ПЦР-анализ алынып, кезектеги штабдын кеңешмесинде ал боюнча так маалымат берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов дарыгерлердин кошумча акысы тууралуу социалдык тармактардагы сын-пикирлерге токтолду. «Бардык региондордо бул маселе дагы бир ирет тыкыр каралсын, эгерде медициналык мекеме жетекчилеринин шалаакылыгынан улам калпыстыктарга жол берилсе, алардын жоопкерчилиги каралаарын эсиңерге салып кетем», - деди К.Боронов.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов 8-июндан тарта өлкөдө ички авиакаттамдар ишке кире тургандыгын билдирди, анын ичинде Бишкек-Ош авиакаттамы жумасына 1 ирет каттай баштамакчы. «Бул максатта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Манас Эл аралык аэропорту менен так алгоритм иштелип чыккан. Аэропортто жүргүнчүлөр үчүн стационардык тепловизорлор жана дезинфекциялоочу туннелдер орнотулат жана бул багытта жүргүнчүлөр арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Учакка кирээрде жана андан түшөөрдө жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилип, алар санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоосу тийиш. Аэропортто адамдардын жыш чогулуусуна жол бербөө иретинде шлагбаумдардан билети бар адамдар гана өткөрүлөт», - деп билдирди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тийиштүү мамлекеттик органдар коомдук саламаттыкты камсыздоо иретинде коомдук жайларда жана ири соода түйүндөрүндө Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган санитардык-гигиеналык талаптар так сакталышын камсыздоо зарыл экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий