• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Британия ханышасы Брекзитти келишимсиз ишке ашырууга тыюу салган мыйзамга кол койду

Дүйнө 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Ханыша Елизавета II 9-сентябрда Евробиримдиктен келишимсиз жана мыйзам чыгаруучулардын макулдугусуз чыгууга тыюу салган мыйзамга кол койду.

Мыйзам өкмөттү 18-октябрда өтө турган Еврокеңештин жыйынында Евробиримдик менен келишимге жетишүүгө умтулууга милдеттендирет. Reuters маалымдагандай, эгер бул сунуш Брюссель тарабынан четке кагылса, Британиянын премьер-министри Брекзит жараянын 2020-жылдын 31-январына жылдырууну өтүнүшү керек.

Башында Британия Евробиримдиктин курамынан 2019-жылы 29-мартта чыгууну пландаган. Бирок шаркеттен чыгуу шарттары бул мөөнөткө карата даяр болгон эмес. Евробиримдиктин апрелде өткөн кезексиз саммитинде уюмга мүчө 27 өлкө Лондонго 31-октябрга чейин убакыт берген.

Премьер-министрлик кызматка жаңы киришкен Борис Жонсон 31-октябрга чейин Британия Еврошаркет менен атайын келишим түзсө да, түзө албай калса да уюмдун курамынан чыга турганын жарыялаган.

Бул арада Британия парламенти октябрдын ортосуна чейин эс алууга кетти.

Пикир

Оставить комментарий