• 88.68
  • 95
  • 0.95

Будапешт шаарында Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин 3-отуруму өттү

Саясат 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-июлда Будапешт шаарында Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин 3-отуруму өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саясий иш-чарага КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун төрагалык кылып, анда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 12-14-февралында Венгрияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар 2023-жылдын аягына чейин жана 2024-жылы Кыргызстан менен Венгриянын жетекчилигинин деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашты.

Стратегиялык кеңештин отурумунун күн тартибине ылайык, Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерине, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө токтолушту.

Тараптар Өнүктүрүү фондунун алкагында өз ара кызыгууну жараткан долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнүн жана натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, кыргыз-венгер Ишкерлер кеңешинин иши каралды, бул форматтардын алкагында кезектеги жолугушууларды өткөрүү пландары белгиленди.

Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Мындан тышкары, КР жана Венгриянын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери аба каттамдары жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин карап, WizzAir венгер авиакомпаниясы 2023-жылдын 1-июнунан тартып Абу-Даби–Бишкек–Абу-Даби багыты боюнча авиарейстерди ийгиликтүү баштаганын белгилешти. Тараптардын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери бул багыттагы ишти улантууну макулдашты.

Стратегиялык Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө маданий-гуманитардык, өзгөчө билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери да каралды. Тараптар Венгриянын «Stipendium Hungaricum» стипендиялык программасы аркылуу мындан ары өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, анын алкагында Кыргыз Республикасына жыл сайын Венгриянын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн квоталар бөлүнөт.

Ошондой эле 2023-жылдын 13-14-февралында Будапешт шаарында Кыргызстан жана Венгриянын алдыңкы университеттеринин катышуусунда өткөн биринчи кыргыз-венгер ректорлор конференциясынын жыйынтыктары оң бааланып, бул багытта кызматташууну бекемдөө боюнча макулдашууларга жетишилди.

Эл аралык уюмдардын – Европа Бирлигинин, Түрк мамлекеттер уюмунун жана башкалардын алкагында кызматташуу талкуунун өзүнчө темасы болду. Тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

- КР Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин 3-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколго;

- КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Венгриянын Энергетика министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна.

Пикир

Оставить комментарий