• 88.68
  • 95
  • 0.95

Буту узун, башы чоң: Өзбекстанда динозаврга окшогон жандыктын сөөгү табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Өзбекстандын чыгышындагы Фергана облусунда жайгашкан айылдардын биринде үйдү оңдоп-түзөө учурунда динозаврга окшогон жандыктын сөөгү табылган. Бул тууралуу өлкөнүн парламентинин жана өкмөтүнүн гезити “Эл сөзү” жазып чыкты, деп билдирет РИА Новости.

“Табылган сөөктөн бул жандыктын буту абдан узун болгондугун байкоого болот. Башы чоң, бели ийилген, куйругу жана моюну чымчыктыкына окшош”, - деп жазат басылма.

Маалыматка ылайык, белгисиз жандыктын сөөгү табылган имарат 1969-жылы курулган. Ал кездери имараттарды кыска убакыттын ичинде эле эч кандай тиешелүү текшерүүсүз салышкан.

“Белгисиз жандыктын сөөгүн иликтөө үчүн адистердин жардамы керек болот. Археологдор илимий жыйынтык чыгарышы керек”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий