• 88.68
  • 95
  • 0.95

БУУ жана Ош мэриясы жаңы долбоорлорду ишке ашырат

Аймак 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаардык мэриясында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бет ачары болду. Ага уюмдун өкүлдөрү, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Ош мэриясынан кабарлашкандай, жыйында ишке ашырылып жаткан жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, социалдык теңдикке жетүү долбоорлоруна колдоо көрсөтүү талкууланды.

Борбор Азияда зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн коомдогу туруктуулукту сактоо, жаштар борборун уюштуруу боюнча жаңы үч долбоордун концепциясы жана максаттары талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий