• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жашыл мурас. Жалал-Абад шаарындагы "Нооруз" сейил багына 100 түп каштан көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонундагы "Нооруз" сейил багына 100 түп каштан көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көчөттөр Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан отуругузулду.

Белгилей кетсек, "Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына" карата "Жашыл мурас" бак тигүү өнөктүгүнүн алкагында калаада жер-жерлерде ишембиликтер өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий