• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Кепилдик фонду 1 млрд сомдон ашуун суммага 391 кепилдик берди

Экономика 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. 2022-жылдын башынан бери Кепилдик фонду 1 млрд 35 млн сомдон ашык суммага 391 кепилдик берүү менен бизнести колдоого алды. Бул тууралуу фонддун басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өнөктөш банктар Кепилдик фонду аркылуу 4 млрд 311 млн сомдон ашык насыя беришти.

Колдоого алынган тармактарга айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өнөр жай, соода, курулуш, транспорт жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Кепилдиктердин 46%ы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, 5%ы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилген. Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 84%га жакыны өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Аталган фонд өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери күрөө жагынан кыйналган ата мекендик ишкерлерге 4 млрд 483 млн сомдон ашык 2 778 гарантия берди, бул өнөктөш банктарга 16 млрд 163 млн сомдон ашык суммада кредит берүүгө мүмкүндүк берди.

Белгилей кетсек, Кепилдик фондунун бүткүл ишмердүүлүгү боюнча жыл ичинде экинчи жолу берилген кепилдиктердин суммасы 1 млрд сомдон ашты. Ал эми 2021-жылы 1 млрд 156 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер берилген.

Пикир

Оставить комментарий