• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл өлкө аймагындагы театрларда 582 иш-чара өтүп, андан 28,8 млн сом киреше түштү

Маданият 0

Бишкек, 25.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын жарым жылдыгында өлкө аймагындагы театрларда 27 спектакль коюлду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы театрларга 136 миң 277 көрүүчү келсе, быйыл жарым жыл ичинде 420 миң 815 адам келди.

“Театрдан түшкөн кирешенин суммасы 28 млн 87 миң 171 сомду түздү. Ал эми өткөн жылдын ушул аралыгында 11 млн 248 миң 598 сом түшкөн. Киреше 149,7 пайызга өстү”, - дейт министр.

Жаманкулов театрларда жалпы 582 иш-чара өткөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий