• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Түркмөнстанда 10 млн бак отургузулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Быйыл Түркмөнстанда 10 млн бак отургузулат. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгонун түркмөнстандык orient.tm агенттиги жазат.

Агенттик жазгандай, Ашхабаддын айланасында эле 5 млн бак тигилет. Аны менен бирге өлкөнүн аймактарында 5 млн дарак отургузулат.

Ал эми бул иштин башында туруп, уюштуруу милдети Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине тапшырылган. Министрлик борбордук жана облустук администрацияларды көчөттөр менен камсыз кылып, алардын отургузулушун көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий