• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл жөлөк пулдун өлчөмү өсөбү? Эмгек министринин жообу

Коом 0


Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда майыптыгы бар 206 миң адам бар. Алардын 120 миңи пенсия алса, калганына жөлөк пул берилет. Жөлөк пулдун өлчөмү былтыр 50 пайызга көтөрүлүп, биринчи топтогу майыптар 8 миң сомго чейин, экинчи топтогулар 6 миң сом, ал эми үчүнчү топтогу майыптар 4 миң сомго чейин ала баштады. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Мындан тышкары, интернатта жашаган балдардын тамагына бөлүнгөн акчанын суммасы 100 пайызга чейин өстү. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашкан. Буга чейин алардын бир күндүк тамагы 100 сом болчу.

Пикир

Оставить комментарий