• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

CA-NEWS: Өзбекстанда 19 жыл абакта отуруп чыккан банктын негиздөөчүсүнө бийлик жардам көрсөтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

CA-NEWS (UZ): Ишкер жана “Рустамбанк” жеке банкынын негиздөөчүсү Рустам Усманов Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери ага жардам көрсөтүүгө даярдыктарын, кайрадан ишкерлик кылууга боло турганын билдиришкенин айтты.

Рустам Усманов 19 жыл абакта камалган соң, эркиндикке 2017-жылы 14-февралда чыккан. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге кайрылуусунда Р.Усманов “Дильшод Исмаилов аттуу адам президенттин аппаратынын кызматкеримин деп, андан 60 миллион АКШ долларын опузалап алгандыгын” айтып даттанган.

Рустам Усманов прокуратуранын жооптуу кызматкери менен сүйлөшкөндүгүн жана ага жардам берүүнү убада кылышкандыгын билдирди. Анын айтымында, ал бизнес-план түзүп баштаган жана 400-500 адамды иш менен камсыздоого даяр.

Билими боюнча экономист Рустам Усманов 1948-жылы Кыргызстандын Жалал-Абад шаарында туулган. 1987-жылы ал Өзбекстанда бал аары ишканасын ачып, андан соң Борбор Азиянын климатына ыңгайлашкан сөөлжандарды көбөйтүү менен миллиондорду чогулткан.

1992-жылы ишкер Өзбекстандагы биринчи жеке банк “Рустамбанкты” негиздеген. 1998-жылы Анжиян соту Рустам Усмановду алдамчылык жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып сатуу айыбы менен 14 жылга эркинен ажыраткан. Эркиндикке чыгарына бир нече күн калганда, колониянын ички тартибин бузгандыгы үчүн анын мөөнөтү 5 жылга узартылган.

Пикир

Оставить комментарий