• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда сугат сууну көзөмөлдөө үчүн атайын датчиктер орнотулду

Коом 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Чүй облусунда сугат сууну көзөмөлдөө үчүн атайын датчиктер орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Чүй облусундагы эксперименталдык каналдарга орнотулган сууну эсепке алуунун жана суу бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган тутумунун көрсөтүлдү.

Белгиленгендей, сугат суунун агымын көзөмөлдөө үчүн автоматташтырылган аппараттар ата мекендик өндүрүш болуп саналат. Аппараттар Кыргызстандын сугат чарба илим-изилдөө институтунун окумуштуулары тарабынан суу аз болгон мезгилде талааларга келип жаткан сууну эсепке алуу маселесин чечүү үчүн иштелип чыккан. Датчиктер кошумча заманбап технологиялык каражат катары өлчөө станцияларында орнотулган.

"Аппарат суунун бетинде чагылдырылган ультра үн импульстарын чыгарышат. Атайын жабдуулар импульстардын чагылуу убактысын жазып, андан кийин бул маалымат компьютерге кирет. Ошентип, система каналдардагы суунун деңгээли боюнча оперативдүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулардын айтымында, ата мекендик аппараттардын баасы чет өлкөлүк моделдерге караганда бир топ арзан.

Пикир

Оставить комментарий