• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнө чемпионаты (U-20): Жантөрө Мырзалиев күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Жантөрө Мырзалиев Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 63 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттешинде беларус балбанын 10:1 эсебинде жеңди. 1/4 финалдык беттешинде АКШнын балбанын 8:5 эсебинде жеңди.

Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанды 14:7 эсебинде жеңип, ал эми алтын медаль үчүн беттеште Ирандан келген балбанга жеңилип калды.

Пикир

Оставить комментарий