• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык дарбазачы Токотаев “Туран” клубунун катарында өзбекстандык команданы жеңди

Спорт 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Кыргызстан улуттук курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев буга чейин Казакстандын премьер-лигасында ойногон “Туран” клубу менен келишим түзгөн.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, клуб менен оюнчу ортосундагы кызматташтык бир сезонго шартталган.

“Азыркы убакытта Токотаев клубдун курамында болуп, Түркиядагы окуу-машыгуу жыйынында. 7-февралда дарбазачы өзбекстандык “Олимпик” клубуна каршы беттеште оюн көрсөттү. Токотаевдин жардамы менен казакстандык клуб 4-2 эсебинде оюнду уткан”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, “Туран” клубунда ошондой эле кыргызстандык футболчу Фархат Мусабеков ойноп келет.

Пикир

Оставить комментарий