• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда уурулук кылмыштардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Чүй облусунда уурулук кылмыштардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында уурулук кылмыштарынын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан “Уурлук” аталышындагы алдын алуу иш-чаралар 2022-жылдын 1-февралынан 4-февралына чейин уюштурулган.

Аталган иш-чарага Чүй облусунун ички иштер органдарынын кылмыш иликтөө кызматы, коомдук коопсуздук кызматы жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышууда.

Иш-чара учурунда Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги жана жергиликтүү ШРИИБдердин жетекчилери өздүк курамга нускамаларды өткөрүп, мыйзам чегинде иштерди жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды коюшту. Кызматкерлер кылмыштуулук анын ичинде уурулук кылмыштуулуктарды алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында жер-жерлердеги коомдук жайларда алдын алуу иш-чараларды жүргүзүшүүдө.

Андан сырткары, темир-тезектерди сатып алуучу жайларда текшерүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомдук жайлардын администрациялары менен айрым видео камераларды орнотууга зарыл болгон жерлер боюнча сунуштар берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий