• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда веложарыш болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Чүй облусунда Дүйнөлүк велосипед күнүнө карата 2-июнь күнү веложарыш болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Веложарыш Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан өткөрүлгөн.

Велжарыштын катышуучулары 5 километр аралыкты басып өтүшкөн. Анын жыйынтыгында, жеңүүчүлөр менен байге ээлерине белек берилген.

Белгилей кетсек, 3-июнь Дүйнөлүк велосипед күнү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий