• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусундагы Алтын-Ордо участогунун таза суу курулмалары пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Чүй облусундагы Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Ордо участогунун таза суу курулмаларынын курулуш иштери бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу менен камсыздоо объектисинин курулушу 2021-жылдын май айында тургундардын өздүк 10 млн сом каражатына жана республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 10,4 млн сомго башталган.

Белгилей кетсек, бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен 50 куб метр суу топтоочу мунара, 9,7 чакырым ички суу түтүктөрү, 2 өрт өчүрүүчү кран, 180 суу бөлүштүрүүчү кудук жана башка суу түтүктөрүнүн элементери орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий