• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунун мектеп директорлору 3 күндүк окутуудан өттү

Билим 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Чүй облусу боюнча жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору 3 күндүк окутуудан өттү. Окутууга 350 мектеп директору катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Окутуулардын жабылыш аземине Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышты.

Токтобүбү Ашымбаева мындай саамалыктар билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн аба менен суудай зарыл экенин, окутууга катышкан директорлор 3 күн да болсо алынган билимин өз ишмердүүлүгүндө эффективдүү пайдаланарына ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, окутуулар өлкө боюнча өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий