• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлайт.

«Кыргызстандын Чүй облусу менен чектешкен Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда абалдын курчушунан улам Кыргызстандын өткөрүү бекеттери жана чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү», - деп айтылат маалыматта.

“Казинформ” агенттиги Жамбыл облусунун Полиция департаментинин басма сөз кызматына таянуу менен Кордай районунун Масанчы айылында жергиликтүү тургундардын арасында чыр чыгып, массалык мушташ орун алгандыгын билдирген. “Полиция күчтөрү менен абал жөнгө салынып, кырдаал көзөмөлдөнүүдө”,- деп билдирет басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий