• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы кагылышуудан жабыркагандардын саны 59га жетти

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-сентябры саат 20:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыркагандардын саны 59 адамга жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алардын арасында үчөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Алардын көбү октон жана сыныктардан жараат алгандар.

  1. Баткен облустук бириккен ооруканасында - 26;
  2. Лейлек райондук жалпы дарыгердик практика борборунда - 18;
  3. Кулунду ЖДПБ - 3 жабырлануучу;
  4. Улуттук госпиталда - 3 жабырлануучу;
  5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу
  6. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда – 5 жабырлануучу.

Министрликтен белгилешкендей, каза болгон учурлар боюнча маалымат такталууда.

Пикир

Оставить комментарий