• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чехия эл аралык издөөдө жүргөн казакстандыкты экстрадициялады

Дүйнө 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Кылмыш жообуна тартуу үчүн Чехиядан Казакстанга Владимир Чаплинский аттуу жаран экстрадицияланды. Бул тууралуу Казакстан Башкы прокуратурасы кабарлады.

Чехия Юстиция министрлиги Чаплинскийди экстрадициялоо боюнча Казакстан Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн орундаткан.

“Шектүү 2007-жылы “Агат-7” фирмасынын директору болуп турган кезде мамлекеттик мекеме менен Балкашта мектеп салуу тууралуу келишимге кол койгон. Ал кызмат абалынан пайдаланып, жасалган жумуш актысында жалган маалымат көрсөтүү аркылуу 39 миллион теңден ашуун (114 миң доллар) каражатты кымырып алган”, – деп билдирет Казакстан Башкы прокуратурасы.

Көзөмөл органдын маалыматы боюнча Чаплинский кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткен, ага эл аралык издөө жарыяланган. Башкы прокуратура Чаплинскийди кайтаруу иштерин 7 жыл мурун эле баштаган.

Учурда Владимир Чаплинский Астананын тергөө абагында отурат.

Пикир

Оставить комментарий