• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кытайда биринчи жолу коммерциялык максатта мышык клондолду

Дүйнө 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Кытайда биринчи жолу коммерциялык максатта мышык клондолду. Өлүп калган жаныбарга экинчи жашоо берүү 250 миң юань тураарын SinoGene биотехникалык компаниянын вице-президенти Ван Инин билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

"Бул тажрыйба дүйнөдө биринчи жолу болбосо да Кытайда алгачкы жолу мышык клондолду. Кытайда мышыкка экинчи жан берүү көп кыйынчылык туудуруп келген. Мындан сырткары, бул тажрыйба коммерциялык максатта жасалган алгачкы иш", - дейт Инин.

Окумуштуунун айтымында, оорудан каза болгон мышыктын ээси өзүнүн үй жаныбары өлгөнүнө кейип жүргөн. Ошондуктан аталган компаниянын кызматын колдонуп көрүүнү чечкен.

Ван Инин белгилегендей, клондолгон мышыктын ДНКсы өлүп калган мышыкка абдан эле окшош. Бирок, анын мүнөзүндө айырмачылык байкалышы мүмкүн.

"Мышыктын ДНКсынын түпкүрүндө мүнөзү сакталып калат. Ошол эле убакта, мышыктын кээ бир мүнөзү жашоо чөйрөсүнө жана жашоо шарттарына байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн. Андыктан биз 100% ишеним менен алгачкы мүнөзү сакталып калат деп айта албайбыз", - деди окумуштуу.

Үй жаныбарды клондоого жалпы 3-4 ай кеткен. Жаңы пайда болгон мышык 2 ай аралыгында окумуштуулардын көзөмөлүндө болот. Учурда клондолгон мышыкка 2 ай болбогондуктан окумуштуулардын тажрыйба бөлмөсүндө жатат.

"Учурда итти клондоонун баасы 380 миң юань турса, мышыктыкы 250 миң юанга бааланат", - деп билдирди компаниянын өкүлү.

Белгилей кетсек, 2017-жылы SinoGene компаниясы дүйнөдө алгачкы ирет клондолгон итти жарыкка алып келишкен. Ал сомантикалык клеткалардан пайда болгон жана ага Лун Лун деген ысым ыйгарышкан.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий