• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оюндан от чыгат. Терезеден кулап кеткен 4 жаштагы бала каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы жеке үйлөрдүн бириндеги терезеден 4 жаштагы наристе кулап каза болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-июнда балдар клиникалык ооруканасына 2014-жылы туулган бала келип түшкөндүгү жана ал алган жаракаттан улам каза болгондугу жөнүндө милицияга билдирүү түшкөн.

Тергөөчүлөр каргашалуу окуя Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы жеке үйлөрдүн биринде болгондугун аныкташкан. Наристе ойноп жатып, терезеге чыгып кулап кеткен.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий