• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Челябинскте Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Күн мурун, 27-апрелде Челябинск шаарында “Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү” жөнүндө тегерек стол өткөрүлдү.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чараны Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Челябинск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен уюштурду.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалы боюнча Кыргызстандын курорттор ассоциациясынын, “CAT” жана “Info service” компанияларынын жетекчилери кенен презентация өткөрүштү. Иш-чара видеороликтер, Кыргызстандын туристтик жерлерине жол көрсөтүү жана жарнамалык буклеттерди таратуу менен коштолду.

Баяндамалар жана презентациялар россиялык өнөктөштөрдүн кызыгуусун жаратып, алар туризм тармагындагы кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий