• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чемпиондор лигасы: “Манчестер сити” командасы “Баварияны” жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын алгачкы беттешинде “Манчестер сити” командасы менен “Бавария” беттеш өткөрдү.

Эки команданын оюну 3:0 эсебинде англиялык команданын жеңиши менен аяктады. Ал эми жооптук беттеш 20-апрелде өтөт.

Чейрек финалынан алкагында ошондой эле “Интер” менен “Бенфика” командаларынын ортосунда оюн болуп, италиялык клуб атаандашын жеңип алды.

Эскерте кетсек, эртең, 13-апрелде дагы эки жуп беттешет: “Реал” менен “Челси” жана “Милан” менен “Наполи”.

Пикир

Оставить комментарий