• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөлөрдүн премьерлери Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 31.12.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атына бир катар чет мамлекеттердин премьер-министрлеринин атынан келе жаткан Жаңы 2024-жыл менен куттуктоолор келип түшүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Армения менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн биргелешкен аракеттеринин аркасында, 2024-жыл эки тараптуу жана көп тараптуу багыттар боюнча жемиштүү кызматташуунун жаңы этабы менен белгиленет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Армениянын премьер-министри министрлер кабинетинин башчысына чың ден соолук, ийгиликтерди жана бакубатчылык каалады".

Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти жана премьер-министри Мухаммед бен Рашид Аль Мактум Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

БАЭнин премьер-министри министрлер кабинетинин башчысына чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын достук элине мындан аркы өнүгүү жана жыргалчылык каалады.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода КР министрлер кабинетинин төрагасын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

"Тажик-кыргыз мамилелери достук жана жакшы коңшулук маанайда мындан ары конструктивдүү өнүгүүсүнө ишеним билдирем", - деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстандын премьер-министри министрлер кабинетинин башчысына чың ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө жаңы ийгиликтерди каалады.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады.

Алихан Смаилов Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы конструктивдүү өнөктөштүк узап бара жаткан жылда өнүккөнүн жана бир тууган элдердин кызматташтыгын дагы кеңейтүүгө багытталып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Казакстандын премьер-министри министрлер кабинетинин төрагасына бекем ден соолук, мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакыт каалады.

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Ал министрлер кабинетинин башчысына бекем ден соолук, бакыт-таалай жана 2024-жылы ийгиликтерди каалады.

Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы 2024-жылы менен куттуктады.

“Узап бара жаткан жылда биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер ырааттуу өнүгүп жатты. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтык чыңдалды. Энергетика, өнөр жай, транспорт инфраструктурасы, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылды. Көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү жана келечектүү демилгелерди ишке ашыруу Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берээрине ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.

Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Жаңы 2024-жылы менен куттуктады.

“Келе жаткан 2024-жылы биздин биргелешкен ишибиз жана конструктивдүү диалогго дайыма даярдыгыбыз беларусь-кыргыз байланыштарын мындан ары да бекемдеп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрөрүнө ишенем. Быйылкы жыл тынчтыктын, бакубатчылыктын жана бардык пландаштырылган демилгелер менен пландарды ишке ашыруунун жылы болсун”, - деп белгиленет куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий