• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунда бир күндө 9 объект ачылып, колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.12.23./Кабар/. Баткен облусунда күн мурун дароо 9 объект ачылды, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы.

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында "Булак-Башы" орто мектеби ачылып, иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев өзү катышты.

Алимбаев өз сөзүндө облустун аймагында 7 объект онлайн, 2 объект офлайн режиминде ачылып жатканын белгилеп, имараттар элдин жыргалчылыгы, бакубатчылыгы үчүн кызмат кылсын деген каалоосун билдирди.

Абдикарим Алимбаев Лейлек районунан туруп, облустагы жети объектти онлайн ачты.

Ыйгарым укуктуу өкүл өзү 225 орундуу "Булак-Башы" орто мектебинин лентасын кесип, мектептин шарттарын көрүп чыкты. Мектепте заман талабына ылайык окуу эмеректери менен толук жабдылып, келечек муундун татыктуу билим алуусу үчүн жетиштүү шарт түзүлгөн. Билим уясынын курулушуна мамлекеттик казынадан 98 млн сом жумшалган.

Ал эми жер-жерлердеги объекттердин ачылуу аземине жергиликтүү жетекчилер, тургундар катышты.

Алар;

  • Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы 225 орундуу "Лейлек" орто мектеби. Курулушка республикалык бюджеттен 74 млн сом каржыланган.
  • Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы 225 орундуу "Алга"орто мектебине республикалык бюджеттен 116 млн сом жумшалган.
  • Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун алкагында курулду. Республикалык бюджеттен 5 млн, жергиликтүү бюджеттен 2 млн 400 миң сом жумшалган ишканада 10 жумуш оруну түзүлгөн. Учурда ишкана аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо.
  • Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы тигүү цехине облусту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында каралган 500 млн сомдун эсебинен 3 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2 млн 700 миң сом бөлүнгөн.
  • Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы кийим жана килем тигүү цехи да облусту өнүктүрүүгө каралган 500 млн сомдон 4 млн сом ажыратылып, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 300 миң сом кошумчалаган.
  • Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы 275 орундуу Т.Мадарипов атындагы орто мектептин курулушуна мамлекеттик казынадан 93 млн сом сарпталды.
  • Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы оорукана республикалык бюджеттен 65 млн сомго курулуп, калктын саламаттыгына кам көрүү үчүн бардык шарттары түзүлгөн. Ооруканага балдар бөлүмү, балдар реанимациясы жана үй бүлөлүк дарыгерлер топтору жайгаштырылууда. Бүгүн ачылган оорукана январь айынын экинчи жумалыгынан баштап бейтаптарды кабыл ала баштайт.
  • Баткен шаарындагы мал базары офлайн түрүндө ачылып, өз ишин баштады. Жергиликтүү бюджеттен 22 млн сом жумшалып, 1.5 гектар жер ажыратылган. Заманбап мал базарда бардык шарттар түзүлгөн.

Мындан сырткары, облусту өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен ажыратылган 500 млн сомдун алкагында Баткен районунун Бужум айылында 8 млн сомго 2 тике суу кудугу,
Достук айылында 4 млн сомго 1 тике суу кудугу,
Ак-Сай айыл аймагында 8 млн сомго 2 тике суу кудугу, Ак-Татыр айыл аймагында 12 млн сомго 3тике суу кудугу курулуп пайдаланууга берилди.

Ак-Татыр айылында кондитердик цех 3 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өттү.

Пикир

Оставить комментарий