• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чет өлкөлөрдө саат 18:30га карата 6 миңден ашуун кыргызстандык добуш берди - ТИМ

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Чет өлкөлөрдөгү 13 шайлоо тилкесинде шайлоо аяктап, жыйынтыктары чыгарылууда. Бул тууралуу КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров брифинг учурунда билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Южны-Сахалинск, Владивосток, Хабаровск, Якутск, Иркутск, Томкс, Красноярск, Новосибирск шаарларындагы, ошондой эле Япония, Корея, Малайзия, Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдукта уюштурулган шайлоо тилкелери өз ишин аяктап, жыйынтыктарын чыгарып жатат, аларда жалпысынан 6 миң 379 жаран добуш беришкен.

«Белгилей кетсем Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү штаттык режимде ишин улантып, жалпысынан участкалык шайлоо комиссияларында шайлоо процесси тиешелүү деңгээлде жүрүп жатат. Жабдуулардын техникалык бузулушуна байланыштуу айрым учурлар болгон, алар жоюлган. Ал эми АКШнын Чикаго шаарындагы шайлоо тилкеси Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:00дө өз ишин баштайт», - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдө жалпысынан 59 шайлоо тилкеси уюштурулуп, анда 84 миң 128 шайлоочу катталган.

Пикир

Оставить комментарий