• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет жердеги жарандарды поезд менен алуу келүүдө коронавирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болот – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Чет жердеги жарандарды поезд менен алуу келүүдө коронавирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Айрым бейөкмөт уюмдар чет жакта жүргөн мекендештерибизди поезд менен алып келүү маселесин айтышууда. Бирок айтып кетиш керек, поезд менен алып келүүдө көп адамдар тыгыз байланышта болуп, ооруну жугузуп алуу тобокелчилиги жогору. Ал биз колдобой турган маселе болууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1468ди түзөт. Алардын ичинен 1015 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий