• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чоң-Алай районунун жашоочулары Ош шаарындагы муктаж үй-бүлөлөргө 8 тонна картошка жөнөттү

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Чоң-Алай районунун жашоочулары Ош шаарындагы муктаж үй-бүлөлөргө 8 тонна картошка жөнөттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мериясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн картошканы Чоң-Алай районунун Жар-Башы жана Кашка-Суу айылынын жашоочулары жөнөткөн.

"Жардамга келген картошканын 6 тонна 700 килограммы каттоодогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат. Атайын комиссия картошканын 2 тоннадан ашыгын милиция, СЭС, тазалык, жашылдандыруу жана жол тармагында иштеген кызматкерлерге бөлүп бермей болду", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын мэриясы Кашка-Суу жана Жар-Башы айылынын жашоочуларына ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий