• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда атайын операциялар отрядынын түзүлгөн күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда ИИМдин атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөн күнүнүн 30 жылдык мааракеси Жалал-Абадда белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев, ИИМдин атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун өзүнчө ротасынын Жалал-Абад облусундагы атайын операциялар отрядынын командири Ашым Жусубалиев жана атайын операциялар отрядынын ардагерлери, өздүк курам катышты.

Атайын операциялар отрядынын түзүлгөн күнүнө карата бир катар ардагерлер жана кызматкерлер атайын наамдар, кол саат, медаль жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Аларды кесиптик майрамдары менен Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев куттуктап, жоопкерчиликтүү жумуштарында ийгиликтер болуусун каалады. Ошондой эле бул кызмат опурталдуу жана сыймыктуу экендигин баса белгиледи.

Соңунда кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жаркын элестерине багышталып куран түшүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий