• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чыңгыз Эсенгул уулу Россиянын театралдык искусство институтунун өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Россиянын театралдык искусство институтунун (ГИТИС) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга ГИТИСтин искусство таануу илимдеринин кандидаты, доцент, продюсер жана сценарист Александра Князева, Менеджмент институтунун деканы, окутуучу Павел Скворцов, менеджмент жана искусствону башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу Елена Симурзина келди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чыңгыз Эсенгул уулу ГИТИСтин өкүлдөрүнө Кыргызстандын театр директорлору жана режиссёрлор үчүн акысыз окуу курсун уюштуруп, жогорку деңгээлдеги мастер-класстарды өтүп, тажрыйбаларын бөлүшүп жаткандыгы үчүн министрликтин атынан ыраазычылык билдирип, өтүлүп жаткан окуу курстары өтө керектүү жана заман талабына ылайык жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде, ГИТИСтин өкүлдөрү мындай жылуу кабыл алуу, окуу курстарын өтүүгө уюштурулган шарттар мыкты экендигин белгилеп, министрликке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстан таланттуу, өнөрлүү инсандары менен сыймыктанса болорун, өтүлүп жаткан окуу курстарына Кыргызстандагы театр жетекчилери активдүү катышып жаткандыгын айтып, мындай окуу курстары мындан ары да уланып, буйурса жайында да Кыргызстанда уюштуруу пландалып жатканын билдиришти.

Жолугушуунун алкаганда Маданият министрлиги жана ГИТИСтин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу тууралуу сөз болду.

Эске салсак, ГИТИСтин продюсердик лабораториясы Бишкекте 17-22-январь күндөрү өтүп, ага Кыргызстандагы театр оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери, администраторлор жана режиссёрлор билим алып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий