• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чычкан суусуна түшүп кеткен аялды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Чычкан суусуна түшүп кеткен аялды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунунТоктогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-жылы туулган Д.В. аттуу аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткен.

Кечээ, 3-август күнү 21 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, туугандарынан 20 адам тартылып издөө иштерин жүргүзүшкөн, натыйжа болгон жок. Кеч киргендигине байланыштуу иш-чара убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 4-август күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий