• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. 620 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 620 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат.

"79 адамдын абалы орточо оор, 529 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-июнга карата коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1817ни түзөт. Алардын ичинен 1181 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий