• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Бүгүнкү күндө келип түшкөн анализдердин бардыгы текшерүүдөн өттү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 488 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө келип түшкөн анализдердин бардыгы текшерүүдөн өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-майга карата коронавирус жуктурган 71 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1002ге жетти. Алардын ичинен 675 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий