• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Бишкектеги стационарларда 725 бош орун бар

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 29-июль, саат 08:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 725 бош орун бар.

- Улуттук хирургия борборунда – 12;
- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 26;
- №2 Клиникалык төрөт үйүндө – 29;
- №1 шаардык клиникалык ооруканада – 69;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 13;
- Чүй облустук бириктирилген ооруканада – 18;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 40;
- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 34;
- Улуттук госпиталь: Урология корпусунда – 10;
- Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь – 24;
- Республикалык наркология борборунда – 27;
- Аскер госпиталында – 14;
- Курортология жана калыбына келтирүү институтунда – 188;
- Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде – 125;
- Улуттук госпиталь: Нейрокорпусунда – 59;
- Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 25
- КММА фтизиатрия борборунда (№6 жатакана) – 4 орун бар.

Кошумча маалыматты картада көрсөтүлгөн телефон номерлер боюнча тактап алууга болот. https://map.covid.kg/

Пикир

Оставить комментарий