• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстан гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кытайга кайрылды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөтү гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кытайга кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз тарап Кытайдан тест-системаларды, реагенттерди, тиешелүү медициналык жабдууларды, медкызматкерлердин коопсуздугун камсыздаган кийимдерди жана санитардык-дезинфекциялык каражаттарды сурап кайрылгандыгы маалымдалды.

"Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө тажрыйба алмашуу үчүн кытайлык медициналык эксперттерди Кыргызстанга жөнөтүү жөнүндө өтүнүч билдирилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий