• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19 Кыргызстанда. Боронов Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтуусуна караганда, түзүлгөн абал жугуштуу инфекциянын жайылышынын алдын алуу максатында шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат.

«Олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруу керек. Ошондой эле оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймактагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан санитардык-эпидемиологиялык жана башка чаралар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп, мобилдик бригадалардын иши күчөтүлдү.

Белгилей кетсек, 21-майга карата Нарын шаарында коронавирус жугузуп алгандардын саны 110го жетти. Үй карантинине 362 адам алынган.

Пикир

Оставить комментарий