• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт - муфтият

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 24-май күнү таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин "КТРК" телеканалынан Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.

"Өлкөнүн аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 24-майындагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий