• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медиктер бардык керектүү каражаттар менен камсыздалып жатат - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Интернетте пайда болгон Ош жана Жалал-Абад облустарына бригада менен жөнөтүлүп жаткан медиктерди өзү менен кошо кургак тамак-аш жана коргонуучу кийим камдап алууну талап кылышууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин биримдигин бузууга багытталган маалыматтарды тараткандар аныкталып, кийинки чараларды көрүү үчүн тийиштүү органдарга берилет. “Биздин медиктер – биздин жарандарыбыздын өмүрү жана ден соолугу үчүн күрөшүүдө өлкөнүн башкы ресурсу, биз аларды урматтайбыз, баалайбыз жана бардык керектүү каражаттар менен камсыздап жатабыз”, – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий