• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирус жуккандар менен 8 миң 367 адам байланышта болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус жуккандар менен байланышта болгон адамдардын саны 8 миң 367ге жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин айтуусуна караганда, анын ичинен жакын байланышта болгондордун саны 1 миң 940 адамды түзөт (1-категория). Ал эми башка байланышта болгон адамдардын саны 6 миң 447 (2-категория).

Үсөнбаев кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 714 адам жатат.

Белгилей кетсек, 21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 590 учуру катталды. Алардын 147си медицина кызматкерлери. Стационарда 367 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 216 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жети адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий