• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 1 миң 708 адам обсервацияда жатат - Мамбетов

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң 708 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 1 миң 928 адам аныкталды. Анын ичинен 1-категориядагылар (жакындары) – 478, 2-категориядагылар (башкалар) 1 миң 450 адамды түзөт.

“Өлкө боюнча коронавирусту аныктоо үчүн сутка ичинде 1 миң 8 адам тест изилдөөлөрдөн өттү, ал эми жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөр 9 миң 618ди түзөт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 116га жетти. 5 жаңы учур катталганы бүгүн маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий