• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: «Жардам штабы» 50 миңге жакын муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылды

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Калкка жардам берүү максатында түзүлгөн «Жардам штабы» кыймылы бүгүнкү күндө республика боюнча 49 миң 245 муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган штабга 210 миң 779 кайрылуу келип түшкөн.

«Кайрылган жарандарга азык-түлүктөр жеткирилүүдө. Жарандар саат 09:00дөн 18:00гө чейин call-борбордун «1227» түз байланыш номуруна чалып кайрылуу аркылуу (чалуу акысыз), «Народный штаб-Биз барбыз» Telegram-каналы аркылуу ошондой эле мобилдик «Жардам берем» тиркемеси аркылуу жана «Штаб помощи» Facebook баракчасы аркылуу кайрылса болот», - деди министр.

Кочкоров кошумчалагандай, колунда бар, жашоо шарты жакшы адамдар дагы жардам сураган учурлар болгон.

«Буга байланыштуу, гуманитардык жардамдарды чыныгы турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга берүү үчүн, чогултулган тизмелер жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге текшерилет», - деп билдирди министр.

Эскерте кетсек, калкка жардам берүү максатында «Жардам штабы» кыймылы түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий