• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков менен Айсулуу Тыныбекова күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 12.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 12-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат. Ал бразилиялык-казакстандык Марат Гарипов менен венгриялык Кристиан Кечкеметинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалынан баштап күчүн сынайт. Тыныбекова болгариялык Биляна Дудова менен франциялык Амелин Дуардын жеңүүчүсү менен килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий