• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Ысык-Көлдө машыгууда

Спорт 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда төрөлүп өскөн, профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында машыгууда.

Ошондой эле Кыргызстанга анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов да келген.

Машыгуу үчүн келген спортчу менен Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков жолугуп, спортчуга шаардын символикасын белек кылган.

Пикир

Оставить комментарий