• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акжол Махмудов балбандардын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 13.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) балбандар арасындагы жаңыланган рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү.

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасындагы тизмеде Махмудов 55 миң упай менен биринчи орунга чыкты. Марттын башындагы рейтингде кыргыз балбаны сап башын венгриялык Золтан Леваиге бошотуп берген.

Акжол Махмудовдун тизмеде биринчи орунга көтөрүлүшү анын Азия чемпионатында алтын медаль утканы себеп болду.

Эскерте кетсек, Казакстандагы Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы жалпы жети медаль уткан: Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль.

Азия чемпиону болгон Жоламан Шаршенбеков рейтингдеги биринчи ордун сактап калды. Ал эми дагы бир чемпион Акылбек Талантбеков 10-орунга көтөрүлдү. Ошондой эле Үзүр Жузупбеков 29-орунга, Роман Ким 16-орунга, Раззак Бейшекеев 15-орунга жана Адилхан Нурланбеков 19-орунга көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий