• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 8 миллионго жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7 млн 914 миң 886 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын ичинен 3 млн 778 миң 83 адам айыкса, 433 миң 472 киши каза болгон.

Коронавирусту АКШда 2 млн 94 миң 69 киши, Бразилияда − 867 миң 624, Россияда − 528 миң 267, Индияда − 332 миң 424, Улуу Британияда − 297 миң 342, Испанияда − 243 миң 928, Италияда − 236 миң 989, Перуда − 229 миң 736, Францияда − 194 миң 153, Германияда − 187 миң 518, Иранда 187 миң 427 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий