• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дайынсыз болуп жаткан Пакистандын жарандары Ош базарынын аймагынан табылды

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Сокулук районунда дайынсыз жоголгон чет өлкөлүктөр табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Милициянын маалыматына караганда, 27-июлда жеке уюмдун өкүлү арызы менен милицияга кайрылып, компаниянын Пакистандын жарандары болуп эсептелген кызматкерлери: Жамиль Мухаммад, Лиакат Мухаммад, Ифтикар Муххамад, Али Караматты издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Алар 26-июлда иштен чыккан бойдон дайынсыз болуп жатышкан.

Аталган факт Сокулук райондук милициясына катталып, жоголгон чет өлкөлүктөрдү издөөгө Чүй облустук жана Бишкек шаарынын райондук милицияларынын жеке курамдары толугу менен тартылган.

Чүй облустук милиция кызматкерлери Сокулук райондук ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте зарыл иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө алардын жүргөн жери аныкталып, Ош базарынын аймагынан табылган.

Бардык жагдайлар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий